Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Google компаниясы жасалма интеллект (ЖИ) инфраструктурасын космосто жайгаштыруу боюнча Suncatcher долбоорунун алкагында алгачкы спутнигин орбитага чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу БелТА билдирди.
Компаниянын маалыматына караганда, биринчи сыноо учурунда спутникке Google иштеп чыккан Tensor Processing Unit (TPU) процессорлору орнотулуп, алардын космостогу иштөө мүмкүнчүлүктөрү бааланат.
Долбоордун негизги максаты — ЖИ инфраструктурасы жайгашкан спутниктерди Жерге жакын орбитага чыгаруу. Google компаниясынын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, космосто жайгашкан аппараттык жабдуулар Жердин бетиндегиге караганда сегиз эсеге чейин көп энергия өндүрө алат.
TPU процессорлорунун алгачкы сыноосу 1-октябрда өткөрүлөт. Спутникти орбитага чыгаруу үчүн Planet компаниясы SpaceX менен биргеликте иштеп чыккан Transporter-18 космостук аппараты колдонулат.