Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери чет элдик туристке жардам көрсөтүштү.
Облусттук милициядан билдиришкендей, Каракол капчыгайында кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери Гонконгдон келген Пан Фу аттуу туристти көрүп калып, анын унаасы тоолуу жолдо тыгылып калганын байкашкан.
Милиция кызматкерлери туристке ыкчам жардам берип, унаасын жолдон чыгарууга көмөктөшүп, андан кийин Каракол шаарындагы жатаканага чейин жеткиришкен.
Пан Фу кыргыз милициясынын ыкчам, сылык жана кесипкөй жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, кызматкерлерге ийгилик жана ден соолук каалаган.
Белгилей кетсек, туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу — Туристтик-экологиялык милициянын негизги багыты. Ошондой эле мындай учурлар Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги оң имиджине салым кошот.