Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Go Viral Festival Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш лидерлерин бириктирип, бизнес, инновация жана технология тармактарындагы кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбор Азиядагы IDEA жаштар уюмунун аткаруучу директору Камила Усманова билдирди.
Анын айтымында, фестивалдын негизги максаты аймактагы өлкөлөрдүн жаштарынын ортосунда байланыш түзүп, алардын чечимдерин, идеяларын бириктирген көпүрө куруу.
“Бүгүнкү күндө өлкөлөр байланышсыз өз алдынча боло албайт. Ошондуктан аймактар аралык кызматташтык абдан маанилүү. Биздин негизги максатыбыз адамдардын, чечимдердин жана идеялардын ортосунда көпүрө түзүү”, — деди Усманова.
Ал белгилегендей, фестивалда расмий жана бейрасмий программалар айкалыштырылган. Расмий бөлүгүндө бизнес өкүлдөрү, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш лидерлери жана ар кандай секторлордун өкүлдөрү катышкан панелдик талкуулар өтөт.
Мындан тышкары, фестивалда инновациялык зона уюштурулуп, анда технологиялык долбоорлор жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр сунушталууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү интерактивдүү аянтчаларын жана иш-аракеттерин да тааныштырышууда.
“Ар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү мындай бир аянтчага чогулганда, жаңы жана пайдалуу кызматташтыктар жаралат. Фестивалдын алкагында түзүлгөн байланыштар жана идеялар Борбор Азияда позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет деп ишенебиз”, — деди Камила Усманова.
Маалым болгондой, аталган фестивалдын алкагында жергиликтүү ишканалардын продукциялары сунушталган аянтчалар уюштурулуп, катышуучулар үчүн расмий талкуулардан тышкары эркин баарлашууга да шарт түзүлгөн.
Белгилей кетсек, Бишкекте өтүп жаткан жаштар фестивалында жасалма интеллект жана технологиялар, стартаптар, креативдүү экономика, жаштар лидерлиги жана Борбор Азиядагы аймактык интеграция темалары талкууланууда.