Глобалдык тоо диалогу. Кыргызстан Климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү үчүн коалиция түзүүнү сунуштады

Аналитика Загрузка... 25 Апрель 2025 16:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Климат маселеси. Планетадагы глобалдык жылуулук процесстери ылдамдап, өлкөлөр жана континенттер үчүн бүтүндөй бир катар тобокелдиктерди жаратууда. Жылуулук толкундары жана кургакчылык уламдан-улам узакка созулуп баратат, бул аймактарда эбегейсиз зор таасирин тийгизип, климаттын табигый жүрүшүнүн бузулушуна алып келди.

Бишкекте өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясында «Бүгүн Бишкек кайрадан жалпы умтулуулар жана үмүттөр менен бириккен өлкөлөр жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жалпы тоо коомчулугу үчүн консолидация түйүнүнө айланууда. Орток көйгөйлөр жана кызыкчылыктар, тилектештик жана биргелешкен чечимдерге негизделген диалогубузду улантып жатабыз», - деп белгилеген президент Садыр Жапаров.

Глобалдык тоо диалогуна катышкан делегациялардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстан 2000-жылдардын башынан тартып БУУнун алкагында тоолуу аймактарды климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу тоолорду сактоодо, аларды өнүктүрүү максатында кадамдар жасалып, тоо маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча жигердүү иштерди жасап жатканын билдирди.

“Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы Ассамблеясы «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган. Биз бардык өнөктөштөрүбүзгө колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Бүгүнкү конференция ушул беш жылдыктын алкагында өтүп жатат.

Беш жылдык аракеттердин Глобалдык алкактык планынын негизинде БУУга мүчө мамлекеттер тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда”,- деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстанда тоолор беш жылдыгынын алкагында кандай иш-чараларды аткарганын тизмелеп берди:

  • Жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча 14 чакан ГЭС ишке киргизилип, 2025-жылы дагы 18 ГЭСти куруу пландалууда.
  • Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө темир жана автомобиль жолдору курулуп, ички аба каттамдар жандандырылып тоолуу аймактар менен байланыштар түзулдү.
  • “Жашыл Мурас” улуттук программасы иштеп, парник газдарынын чыгындыларын азайтуу үчүн жыл сайын 8 миллионго чейин бак-дарактар отургузулат.
  • Алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн санариптик мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
  • Калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында Кыргызстан дүйнөдө биринчилерден болуп телемедициналык долбоорду иштеп чыгып, “Индия жана БУУ өнүктүрүү өнөктөштүк фондунун” алкагында 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алганга жетишти.

Элдин жашоо шартын жакшыртуу максатында 2024-жылы мамлекеттин эсебинен кыска мөөнөттүн ичинде электр энергиясы, интернет жана негизги инфраструктурасы менен камсыз кылынууда.

Мисал катары Садыр Жапаров Баткен районунун бийик тоолуу жана барууга кыйын Зардалы айылын келтирип, эл аралык уюмдарды тоолуу жана алыскы аймактардын жашоочуларынын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча долбоорлорду колдоого чакырды.

Борбор Азиядагы, анын ичнде Кыргызстанда глобалдык жылуулук процессин басаңдатуу, мөңгүлөрдү сактап калуу маселесине жергиликтүү эксперттер бир топ сунуштарды берип келишет. Мисалы, Эколог Бактыбек Саипбаев “Кабарга” берген маегинде мындай антикризистик планды сунуштады.

“Мөңгүлөрдүн тегерегиндеги тоолордун боорлоруна дарак көчөттөрүн (эң жакшысы Тянь-шань карагайы) жыл сайын милдеттүү жана тынымсыз өтө узак убакыттын ичинде (болжол менен 20-30-жыл) отургузуу зарыл. Гидробиотикалык насостун принцибине таянып, бул дарактар ​​жер астына терең жайылган тамырлары менен суу, ал эми жер үстүндөгү бөлүгү менен ным бөлүп чыгара баштайт. Бул ным өз кезегинде булуттарга айланып, мөңгүлөрдүн үстүнөн жамгыр жана кар түрүндө жаай баштайт. Акыры, бул жаан мөңгүлөрдүн үстүнө муз пайда кылып, алардын ээришин басаңдатат.

Мындан тышкары, мөңгүлөрдүн четтерине алардын жээктеринин эрүүсүн жайлатып, мөңгүлөрдүн жылышын токтотуу үчүн кар жасай ала турган замбиректерди, генераторлорду жана муз конденсаторлорун орнотсо болот”,- дейт Бактыбек Саипбаев.

Нарын каскадынын ГЭСтери курулуп бүтсө, бул ГЭСтердин суу сактагычтары да тоо климатын жөнгө салууга жана глобалдык жылуулукту ооздуктоого жардам берээрин белгиледи. Суу сактагычтардын суусу бууланып, булуттардын пайда болушун камсыздайт. Ал эми булуттардан пайда болгон жамгырлар мөңгүлөргө жаап, муну менен мөңгүлөрдүн азайышын басаңдайт деп белгиледи эксперт.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде күндүн 1-2 градуска чейин жылышы тоолуу аймактар ​​үчүн канчалык кыйратуучу болорун айтып берди. Бир нече ондогон жылдар ичинде биздин өлкөдө түбөлүк мөңгүлөрдүн аянты 20% га кыскарды жана бул процесс тездеп баратат. Бул 20 жылдан кийин тоо дарыяларынын агымы бир топ азайышы мүмкүн дегенди билдирет. Мөңгүлөрдүн жоголушу суунун тартыштыгына коркунуч туудурат, мунун натыйжасында айдоо аянттары кыскарып, айыл чарба өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт. Бул Борбор Азиядагы азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

Учурда айыл чарба жерлерине тамчылатып сугаруу системасы киргизилип, канал, арыктар бетондолууда. Бирок учурдагы 50-60%ды түзгөн суунун коромжусун азайтуу үчүн бул иштин темпин бир нече эсеге көтөрүү керек. Мындан тышкары окумуштуу климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу үчүн селекцияга жана үрөнчүлүккө көбүрөөк көңүл буруу керек деп эсептейт окумуштуу.

“Мына ушуга байланыштуу айыл чарба илиминин алдында жаңы шарттарга ылайыкталган, кургакчылыкка чыдамдуу сортторду чыгаруу милдети турат. Кыргызстанда кургакчылыкка чыдамдуу ата мекендик селекциянын эмгеги менен чыгарылган Асыл, Тилек, Кыял сорттору сыяктуу күздүк будайлар, Аракет, Касиет, Данк - жаздык буудайлар, Интенсивдүү, Жамин - факультативдик буудай бар. Ал эми Адыр, Кайрак, ЭХОЛ сортторун кайрак жерлерге айдаса болот.

Орус селекциясынын буудай сортторунун кемчилиги кургакчылыкка жакшы туруштук бере албагандыгы жана туруксуз түшүмдүүлүгү болуп саналат. Казак селекциясынын сортторунун түшүмдүүлүгү азыраак. Бир сортту жаратуу үчүн 8-10 жыл керектелет, бирок биз иштеп чыккан сорттор 40 жылга чейин жашайт, мисалы интенсив жана башкалар. Чет өлкөлүк сорттор көбүнчө 3-4 жылдан кийин бузулат. Ошондуктан биздин дыйкандарды жана кооперативдерди Кыргызстандын шартында өстүрүлгөн ата мекендик сорттордун сапаттуу үрөндөрү менен камсыз кылуу зарыл. Мамлекеттик бюджеттен эбегейсиз каражат сарптап, сырттан келген үрөндөрдүн колдонуунун кажети жок”,- дейт Жамин Акималиев.

Мына учурдагы ушундай кырдаалга байланыштуу Садыр Жапаров тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде илгерилетүү, тоолуу аймактардын өнүгүүсүнө жана климаттык кризиске туруктуулукту жогорулатуу үчүн бир нече сунуш киргизди.

  • Эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен айыл чарбасында, жашыл экономикада жана энергиянын кайра жаралуучу булактарында инновацияларды ишке ашыруу.
  • Тоолуу аймактардагы долбоорлорду каржылоо максатында тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү.
  • Дүйнө өлкөлөрүнүн тышкы карызын «жашыл» демилгелерге алмаштыруу.
  • Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга тийгизген таасири боюнча эл аралык изилдөөлөрдү кеңейтүү.
  • БУУнун алдында “БУУ-Тоолор” координациялоо механизмин түзүү.
  • Тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүү.
  • “Тоо жаштары, аялдар жана климат” эл аралык платформасын түзүү.

Сөзүнүн аягында, Садыр Жапаров тоолуу аймактар жалгыл эле аялуу аймактар гана эмес, аларды сактоо төмөн жактарда жашаган адамдардын бакубат жашоосу үчүн да маанилүү деп, келечек муундары үчүн тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

“Биз 2027-жылы өткөрүүгө даярданып жаткан Бишкек+25 саммити иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыгы гана болбостон, жаңы этаптын – тоолорду туруктуу өнүктүрүү үчүн адилет, амбициялуу жана бирдиктүү эл аралык кызматташтыктын башталышы болот деп ишенем.

Биз бардык өлкөлөрдү жана эл аралык өнөктөштөрдү Тоо саммитине жогорку деңгээлде катышууга жана биздин жалпы үйүбүз – Жер планетасынын келечек муундары үчүн тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө салым кошууга чакырабыз.

Кыргызстан – тоолуу өлкө. Биздин үнүбүз баарыбыздын кызыкчылыгыбызды көздөйт. Баарыңыздардан биздин Глобалдык тоо диалогубузду колдоону суранам”,- деди Садыр Жапаров.

Климаттык күн тартибине арналган Глобалдык тоо саммити 2027-жылы Кыргызстандын борборунда өтөт жана ал беш жылдык иш-аракеттердин натыйжасы гана болбостон, жаңы этаптын – тоолорду туруктуу өнүктүрүү үчүн адилет, амбициялуу жана тилектештик эл аралык кызматташуунун башталышы болушу керек.