Гүлчөдө мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөр мамлекетке кайтарылды

Аймак 28 Август 2025 17:10
540457162_1274333331141150_4920393927151426531_n.jpg
540468238_1274333327807817_1477128450553214363_n.jpg
540498821_1274333547807795_3191235270129043340_n.jpg
539648025_1274333407807809_3758271197197574841_n.jpg
540078911_1274333507807799_2587355468167651708_n.jpg
540342487_1274333377807812_4911059776806351459_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Алай районундагы Гүлчө айылында мурда автобазага тиешелүү болгон административдик блоктор, ошондой эле жалпы аянты 036,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү тургун Гүлчө айылынын аймагында жайгашкан административдик блокторго жана 036,5 га аянттуу жер тилкесине жеке менчик укугун берүүчү мамлекеттик актыларын (кызыл китеп, техпаспорт) мыйзамсыз негизде алганы аныкталган.

Аталган жер тилкеси административдик блоктору менен бирге өлкө мыйзамдарын бузуу аркылуу алып-сатуу келишиминин негизинде жеке тарапка өткөрүлүп берилгени аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, административдик блоктор жана жер тилкеси ыктыярдуу шартта мамлекеттин менчигине кайтарылып, Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына киргизилди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.