Гүлчө айыл аймагына расмий түрдө шаар макамы берилди

Аймак 29 Октябрь 2025 15:23
1.jpg
571195309_122189689424368081_6459686997868662310_n.jpg
571538304_122189689388368081_4642995471972712834_n.jpg
572036288_122189689472368081_805881232855793517_n.jpg
572065308_122189689484368081_412762319694637080_n.jpg
572131539_122189689274368081_1969359522569960042_n.jpg
572378420_122189689154368081_4490406721857676770_n.jpg
572744959_122189689436368081_2112908184778381875_n.jpg
573563041_122189689142368081_3729500948485330715_n.jpg
573858655_122189689136368081_11239042778570175_n.jpg
573972840_122189689448368081_18218267280784492_n.jpg
574251945_122189689280368081_1562120476273277091_n.jpg
574278067_122189689346368081_6818983670923004011_n.jpg
574316840_122189689526368081_5148631645209350710_n.jpg
574901452_122189689544368081_108019674194648272_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Бүгүн Алай районунда Гүлчө айыл аймагына расмий түрдө шаар макамын ыйгаруу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактын тургундары катышты.

Салтанатта облус жетекчиси Гүлчөгө шаар макамынын берилиши Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү кадам экенин белгилеп, жергиликтүү элди куттуктады.

Иш-чаранын алкагында "Гүлчө шаары" деген жазуусу бар стелланын ачылышы болуп, аймактык кызматтарга жаңы техникалар тапшырылды. Алдыда облустук өнүктүрүү фондунан Гүлчө шаарына дагы эки атайын техника сатып берилери айтылды.

Эске салсак, Гүлчө айыл аймагына шаар макамын берүү тууралуу мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Андан кийин президент Садыр Жапаров "Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон.