Гидрометеорология кызматынын имараты мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

Коом 28 июнь 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-06-28 at 10.13.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-28 at 10.13.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-28 at 10.14.08.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-28 at 10.13.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-28 at 10.13.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-28 at 10.14.08.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 28.06.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Чолпон-Ата шаарында 800 чарчы метр жер тилкеси менен ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын имараты мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктаган.

УКМКнын маалыматы боюнча ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын имараты "Б" категориясындагы стратегиялык объект болуп саналат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча участоктун ээси кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун мыйзамсыздыгын моюнга алып, объектти мамлекеттин балансына кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.