Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Өлкөдө 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине гидроэлектр станцияларды даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
“Электр станциялар” ААКын объекттеринде, анын ичинде Токтогул ГЭСтер каскадында гидроагрегаттарды, генераторлорду, трансформаторлорду, ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жабдууларын, релелик коргоо жана автоматика системаларын учурдагы жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле өндүрүштүк имараттарды, инженердик коммуникацияларды, жылытуу системаларын, байланыш каражаттарын, автотранспорттук техникаларды кышкы шартта пайдаланууга даярдоо жана түтүк өткөргүчтөрдү жылуулоо боюнча комплекстүү иштер аткарылууда.
Күрп-Сай ГЭСинде жабдууларды модернизациялоо, анын ичинде ажыраткычтарды жана автотрансформаторлорду алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары байланыш системаларын, видеокөзөмөлдү жана автотранспорттук техникаларды кышкы пайдаланууга даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.