Бишкек, 30.11.25. / Кабар/. Германиянын 2 шаарында шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Ал белгилегендей, шайлоо тилкелери Франкфурт менен Берлинде иштеп баштады. Ошондой эле Польшанын Варшава шаарында бир шайлоо тилкеси ачылды.
“Биздин элчилик ушул үч шайлоо тилкесиндеги шайлоо процессине даярдыктарды көрдү. Азыр добуш берүү жүрүп жатат. Ушул сааттарда Варшавада 14 шайлоочу, Берлин – 12, Франкфурт – 5 адам добуш берди. Күндүн аягына чейин дагы жарандардын катышуусу көбөйөт деп ойлойбуз.
Элчилик диаспоралар аркылуу мекендештерди шайлоого катышууга чакырган. Эс алууга же иш сапарлары менен келген кыргызстандыктар да добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мен кечээ алардын көпчүлүгүнө жолуккам. Алар бүгүн Берлиндеги шайлоо тилкесине келип, добуш беришет.
Консулдук каттоодо турган 12 миң адам бар. Эсепке турбаган дагы болжол менен он миңден ашык адам бар. Ошондо 20-25 миңдей жараныбыз Германияда туруктуу жашап, окуп, иштеп жүрөт.
Парламент – элдин күзгүсү. Заманына жараша коомчулукка кандай адамдар керек болсо, шайлоочулар ошондой адамдарды тандап алат”, - деп белгиледи элчи.
Бүгүн Крыгызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылат.