Германиялык студенттер Өзгөн күрүчүн өстүрүү ыкмасы менен жакындан таанышты

Коом Жүктөлүүдө... 09 Сентябрь 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз-Өзбек эл аралык университети

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Германиянын "Лейбниц" университетинен келген студенттер Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин илимпоздору менен биргеликте Өзгөн районундагы күрүч талаасына барып, өсүмдүктүн өзгөчөлүктөрү жана топурактын курамы менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинен билдиришти.

Окуу жайдын маалыматында белгиленгендей, студенттер күрүч өскөн жерден топурак үлгүлөрүн алып, аны лабораториялык анализден өткөрүү үчүн өздөрү менен кошо ала кетет. Бул тажрыйба алар үчүн баалуу илимий материал болору айтылды.

Андан соң делегация күрүч актоочу "Акжуаз" ишканасына барып, күрүчтүн кандай жол менен кайра иштетилип, базарга сатуу үчүн кантип даярдаларына күбө болушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө германиялык илимпоздор илимий гана эмес, агрардык бизнес жаатында да кызматташууга кызыкдарлыгын билдиришип, жергиликтүү долбоорлорду материалдык жактан колдоого даяр экендиктерин белгилешти.