Германиядагы мекендештердин маселеси: ТИМ кырдаалдын жагдайларын тактады

Коом Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 18:55
mid-kyrgyzstana (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Германиядагы мекендештердин маселеси боюнча кырдаалдын жагдайларын тактады.

ТИМден белгилешкендей, бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти тарабынан Samara Academy жеке компаниясынын жетекчилиги менен уюмдун программалары боюнча Германияга барган Кыргызстандын жарандарына байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган маалыматтарга байланышкан кырдаалдын жагдайларын тактоо максатында жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылдын июнь айында Германияга жумушка орноштуруу максатында Кыргызстандын 130 жараны жөнөтүлгөнү аныкталды.

Германиядагы иш берүүчү өз ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин алардын 50сү кайрадан жумушка орноштурулду, ал эми калган жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын издөө иштери улантылууда. Ошондой эле кыргыз жарандарынын 2026-жылдын 1-августуна чейин турак жайы боюнча маселе чечилди.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкерлеринин жана компаниянын өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция форматында кеңешме өткөрүлдү.

Элчиликке кырдаалга баа берүү, жарандардын жашоо шарттарын текшерүү жана зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүү максатында Бремен шаарына баруу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Германиядагы элчилиги түзүлгөн кырдаалды оң жагына чечүү,кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле зарыл болгон учурда алардын мекенине кайтып келишине көмөк көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.