Германияда жумушсуз калган 50 кыргызстандык жаңы ишке орношту

Коом Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 17:45
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.39.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Германиядагы Samara Academy уюмунун программасы аркылуу иштеп жаткан кыргызстандыктардын абалы боюнча Кыргызстандын элчилиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымат берди.

Ага ылайык, программа аркылуу Германияга жөнөтүлгөн 130 Кыргызстандын жаранынын ичинен 50гө жакыны башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу иштери уланууда.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө жумуштун кыскарышы Кыргызстандын жарандарынын мыйзам бузгандыгына байланыштуу эмес экени аныкталган. Иш берүүчү ESN компаниясынан түшкөн буйрутмалардын азайышына байланыштуу өндүрүштүк зарылчылыктан улам 130 жаран менен эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда токтоткон", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда 80ге жакын кыргызстандык Бремен шаарында болуп, алардын жашоо шарттары жана ишке орношуу маселеси көзөмөлдө турат.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрү жеринде жарандар жана иш берүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүп, алардын эмгек укуктарын коргоо жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКларда жана социалдык тармактарда 150гө жакын студент кыздар Германияга Samara Academy уюмунун программалары аркылуу иштөөгө кеткендиги, бирок алар жумуш менен дагы, жатаканада менен дагы камсыздалбагандыгы тууралуу видеолор жарыяланган.