Адис: Жер астынан алтын казуу өлкө үчүн кыйла пайдалуу

Пикир Загрузка... 27 Август 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Экологияны жана мөңгүлөрдү сактоо жагынан алганда, жер астынан алтын казуу өлкө үчүн алда канча натыйжалуу жана пайдалуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков билдирди.

Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ишканасында алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштап берген.

"Биз буга чейин алтынды же руданы ачык ыкма менен казып алсак, анда бүгүндөн баштап жер астынан кенди казып алуу ыкмасын да колдонуп жатабыз. Тоо-кен казып алуу технологиясына ылайык, биз "Кумтөрдө" комбинацияланган ыкма менен кен казууга өтүп жатабыз. Бул биз бир эле учурда алтын камтыган руданы ачык жана жер астындагы ыкма менен казып алабыз дегенди билдирет. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 12,5 тонна алтын өндүрүлгөн жана бюджетке 1 млрд долларга жакын каражат түшкөн, жыл аягына чейин да кошумча бир нече тонна алабыз. Муну менен биз алтынды сатуудан кошумча киреше ала алабыз”, - деди ал.

Камчыбеков алтынды жер астынан казып алуу ыкмасында сөзсүз түрдө коопсуздук маселелерин эске алуу зарыл деп эсептейт. Анткени жер астынан казуу ыкмасы ачык ыкма эмес, мында айлана чектелүү, техника иштейт, кен Давыдов мөңгүсүнүн астында жайгашкан.

"Руданын жер астындагы бөлүгүнө суу кирип кетиши мүмкүн, андыктан биринчи кезекте коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл. Ушундай жол менен жумушчуларыбыздын коопсуздугун камсыздай алабыз", - дейт геолог.

Мындан тышкары, эксперт белгилегендей, башкы келишимге ылайык, 2006-жылдан баштап кенди ачык жол менен иштетүүдөн жер астынан иштетүүгө өтүү зарылдыгы болгон.

"Ошол учурдан тартып алгач "Комеко", андан кийин "Центерра" жер астынан кен казбоого аракет кылды. Алар биздин адистерди, жогорку жетекчиликти кенди ачык жол менен эле иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө көндүрүштү. Алар ачык жол менен кен казылса, алтын көп казыларын, бул өлкөнүн экономикасы үчүн чоң өбөлгө болот деп ынандырышты.

Ошол себептен Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, өзүбүзгө көйгөйлөрдү жараттык. Ал кезде “Центерра” жер астынан кен казбаса, аларга шарт коюп, оператор катары киргизбей койсок болот деген эреже бар болчу. Бирок биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланбай, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, мөңгүлөр боюнча көйгөйлөрдү жараттык. Экологияны жана мөңгүлөрдү сактоо жагынан жер астынан кен казуу ыкмасы биздин өлкө үчүн алда канча натыйжалуу жана пайдалуу”, - деди Камчыбеков.