Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. “Биринчи радионун” түз эфиринде Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Жаңыл Мустапаева гемофилия кандай оору жана анын негизги белгилерин айтып берди.
Дарыгердин айтымында, гемофилия - бул кандын уюшуна жооп берүүчү атайын белоктордун жетишсиздигинен улам келип чыгуучу тукум куучулук кан оорусу. Бул дарт көбүнчө эркек балдарда кездешет, себеби гемофилия жыныс хромосомасы аркылуу берилет. Аялдар көбүнчө бул оорунун ташуучулары болушат, бирок оорунун белгилери аларда сейрек кездешет.
“Гемофилия менен жашаган адамдар оор физикалык көнүгүүлөрдөн, жаракаттан, кээ бир дары-дармектерден алыс болуусу зарыл. Туура дарылоо жана сактануу менен бул дарт менен жашоо толук кандуу болушу мүмкүн.
Гемофилия үч түрдүү формада болот:
- Гемофилия А, бул гемофилиянын эң кеңири таралган түрү.
- Гемофилия В, экинчи таралган түрү жетишсиз уюган фактор IX менен шартталган.
- Гемофилия С, мында белгилер жана симптомдор көбүнчө XI факторунун жетишсиздигинен улам пайда болот”,-деди ал.
Ал кошумчалагандай, оорунун негизги белгилери төмөнкүлөр:
- кичине жаракаттардан кийин кан узак убакытка токтобой куюлушу;
- булчуңдарга жана муундарга кан куюлуп, шишик, ооруу пайда болушу;
- тиш түшкөндө же тиш тарттырганда узак убакытка кан кетүү;
- чаңкоо, чарчоо жана кандын төмөн болушу.
“Оору учурда толугу менен айыкпайт, бирок атайын уютуу факторлорун кандын курамына вена аркылуу берүү менен көзөмөлдөнөт. Муундарга жана ички органдарга кан куюлушун алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз дарылоо керек. Ошондой эле ооруну алдын алуу үчүн жарандар өзүнүн генетикалык тарыхын билип, балалуу болуудан мурда генетикалык кеңешмеден өтүүсү сунушталат”,-деди ал.