Сокулукта жаңы сорттогу кант кызылчасы өстүрүлүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 21 Июль 2026 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу Сокулук районунда 10 гектар аянтка кант кызылчасын өстүрүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, түшүмдүүлүктү жогорулатуу максатында Франция жана Германиядан алынып келинген жогорку сорттор пайдаланылды.

Учурда эгиндин өсүшү талаптагыдай жүрүп, бардык агротехникалык эрежелер так сакталууда. Адистер топуракка үзгүлтүксүз анализ жүргүзүп, өсүмдүктүн муктаждыгына жараша минералдык жер семирткичтерди өз убагында берип жатышат. Жыйынтыгында гектарынан 600–700 центнерден мол түшүм алуу пландалууда.

Бул демилге мол түшүм жыйноого гана эмес, өндүрүшкө заманбап агротехнологияларды кеңири киргизүүгө жана өлкөнүн кант тармагын сапаттуу чийки зат менен камсыздоого багытталган.