Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ашкабактан мол түшүм алууну каалаган дыйкандар үчүн маанилүү сунуштарды ортого салды.
Ведомствонун маалыматына караганда, Франциядан алынып келинген "Лимон де провансаль" сортунун 1 кг үрөнүнөн 3,5 миң көчөт алууга болот. Салмагы 6-10 кг чейин жеткен бул ашкабактын түшүмдүүлүгү туура технология менен гектарына 70-150 тоннага чейин жетет.
Ашкабакты күн ачык тийген, топурагы жумшак жана борпоң жерге эгүү зарыл. Нымдуулугу ашыкча же суу токтоп калган аянттарга экпөө сунушталат.
Алгач өсүмдүктүн өсүшү үчүн азоттуу жер семирткичтер (карбамид, селитра), ал эми гүлдөө маалында мөмө байлашы үчүн фосфор жана калий аралашмалары берилиши керек.