"Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемеси жана сайты: тез, ыңгайлуу жана заманбап

Коом Загрузка... 10 Апрель 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Газпром Кыргызстан

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» компаниясынан жаңы онлайн-платформалар! Алардын жардамы менен керектөөчүлөргө санарип кызматтардын комплексине жеткилик ачылып, компания менен аракеттешүү дагы да ыңгайлуу жана коопсуз болот.

Компаниядан билдиришкендей, апрель айынын башынан бери Google Play жана App Store расмий дүкөндөрүндө компаниянын мобилдик тиркемеси жеткиликтүү, ал кеңири функционалы жана колдонууда жеңилдиги менен популярдуулукка ээ болууда. Анын жардамы менен кардарлар компаниянын кызматтарына өтүнмөлөрдү, эсептегичтин көрсөткүчүн жөнөтүп, газга онлайн төлөп, акыркы жаңылыктарды алып, операторлор менен баарлаша алышат.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяровдун айтымында, 2020-жылы компания өлкөдөгү бардык коммуналдык кызматтардын ичинен биринчи болуп мобилдик тиркемесин ишке киргизген. Эми киберкоопсуздук жана жалпысынан IT тармагындагы акыркы жетишкендиктерди эске алуу менен тиркеменин жаңы версиясын сунуштайт.

«Биздин тиркеме алдыңкы технологиянын негизинде иштелип чыккан жана бир нече ай бою жигердүү сыноодон өттү. Ал киберкоопсуздуктун бардык талаптарына жана эл аралык стандарттарына жооп берет. Тиркемеде колдонулган кардарлардын бардык жеке маалыматтары ишенимдүү корголгон», – деп баса белгиледи Арзымат Алдаяров.

Тиркеменин негизги артыкчылыктары – керектелген газды эсептөөнүн ачыктыгын жогорулатуу, эсептөөнүн тактыгы жана убакытты үнөмдөө. Бул өлкө боюнча кардарларга ыңгайлуу пайдаланууну камсыз кылуу менен тейлөө борборлоруна жүктөмдү азайтууга жардам берет.

Мобилдик тиркемеден тышкары «Газпром Кыргызстан» интернет-сайты иштелип чыкты. Ал ылдам жүктөлүп, колдонууда ыңгайлуу. Анда дагы компания керектөөчүлөргө сунуштаган кызматтардын баары көрсөтүлгөн: өтүнмөлөрдү калтыруу, көрсөткүчтөрдү жөнөтүү, газга төлөө, жаңылыктар жана оператор менен байланышуу. Мобилдик тиркемедей эле, сайт эң алдыңкы технологиялардын негизинде жасалган жана ошондой эле артыкчылыктарга ээ.

«Жеке кабинетти сайт аркылуу каттап, аны тиркемеде да колдонсо болот. Алардын функциялары окшош, – деди Арзымат Алдаяров. – Биз колдонуучуларга мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылууга аракет жасадык».

Эгерде сиз «Газпром Кыргызстандын» кардары болбосоңуз да, бирок болууга ниеттенип жаткан учурда да тиркеме же сайт аркылуу жеке кабинет ачууга болот. Келечекте маалымат алмашуу жана кардарлардын ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн «Газпром Кыргызстан» тиркемеси «Түндүк» жана «Мой дом» сервистери менен интеграцияланат. Ал эми колдонуучулардын камтылышын көбөйтүү үчүн 2025-жылдын экинчи жарымында байгелүү акция пландаштырылууда.

«Газпром Кыргызстан» санариптик трансформациялоо жана инновациялык технологияларды интеграциялоо боюнча мамлекеттик саясатты колдойт. Алдыңкы технологияларды колдонуу компанияга кардарларына дүйнөлүк сапат стандарттарына жана маалыматтарды коргоого жооп берген санариптик чечимдерди сунуштоого мүмкүндүк берет.

Маалымат иретинде:

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык Макулдашуунун негизинде 2014-жылдан тартып иштейт.

Иштеп баштагандан бери компания өзүн мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшү катары көрсөтө алды. Жаратылыш газын туруктуу берүүнүн жана газ инфраструктурасын реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө инвестициялык салымдар боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткаруунун аркасында «Газпром Кыргызстан» компаниясы республиканын альтернативдүү ишенимдүү экологиялык энергия ресурсуна – жаратылыш газына жеткиликтүүлүгүн калыбына келтирди.

Бул республика үчүн энергия жетишпеген мезгилде энергиянын салттуу булактарын көгүлтүр отко алмаштырууну камсыз кылууга жана борбор калаанын жашоочуларынын ден соолугуна кара түтүндүн (ыштын) терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берди.