"Газпром" компаниясынын директору: Борбор Азияга газ жеткирүүнүн көлөмү өсүүдө

Экономика
1752712327_0_347_3023_2047_1920x0_80_0_0_bd3fa6c9212a95221f7a2c30af072a39.jpg
670674270_0_227_257.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
1752712327_0_347_3023_2047_1920x0_80_0_0_bd3fa6c9212a95221f7a2c30af072a39.jpg
670674270_0_227_257.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.10.25 /Кабар/. «Газпромдун» жетекчиси Алексей Миллер Россиядан Казакстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга газ жеткирүү быйылкы жылдын сегиз айында былтыркыга салыштырмалуу 15% өскөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

"Биз 2025-жылдын биринчи сегиз айын 2024-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырып жатабыз. Россиянын газы Борбор Азияга, башкача айтканда, мен бул үч өлкөнү, Өзбекстанды, Кыргызстанды жана Казакстанды айтып жатам — 15% өстү. Бул олуттуу көлөм", — деди ал Санкт-Петербургдагы эл аралык газ форумунда сүйлөп жатып.