Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуулардын негизги темалары Германиядан Кыргызстанга жабдууларды жеткирүү, заманбап технологияларды киргизүү, кыргыз айыл чарба продукцияларын Германиянын рыногуна чыгаруу жана эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерине арналды.
Euler Hermes компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда, экспорттук кредиттерди камсыздандыруу жана тобокелдиктерди башкаруу жаатындагы дүйнөдөгү ири компаниялардын бири, кыргыз жана герман ишканаларынын ортосундагы экспорттук келишимдерди камсыздоо, айрыкча өнөр жай жабдууларын жеткирүү боюнча кепилдиктерди берүү маселелери талкууланды.
Тараптар кыргыз импортерлору үчүн тобокелдиктерди азайтуу жана немис өнөктөштөрүнүн ишенимин жогорулатуу механизмдерин өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин белгилешти.
Intertek компаниясынын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдө айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын Европа Бирликтин стандарттарына ылайык сертификациялоо үчүн Кыргызстанда заманбап лаборатория куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоор ишке ашса, кыргыз өндүрүшчүлөрүнө Европа базарына түз чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңейип, улуттук продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү кыйла жогорулайт.
Элчи Өмүрбек Текебаев ошондой эле кадрларды даярдоо багытында иш алып барган LUNO-Gruppe компаниясынын жетекчиси М.Новак менен жолукту. Жолугушууда эки өлкөнүн адистери үчүн стажировкаларды уюштуруу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, элчи Текебаев Гамбург Соода-өнөр жай палатасынын башкы аткаруучу директору М.Хайне менен жолугушуп, кызматташтыкты кеңейтүү жана кыргыз менен Гамбург шаарындагы ишканалардын ортосунда түз байланыштарды орнотуу маселелерин талкуулады. Тараптар кыргыз ишканаларынын ТПП Гамбург тарабынан уюштурулган көргөзмөлөргө жана бизнес-форумдарга активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.