Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Смартфондор жана планшеттер барган сайын балдардын бала багуучусу, оюнчугу жана алаксытуучу башкы буюмуна айланып баратат. Бирок, кооз экрандын жана "билим берүүчү" контенттин артында баланын ден соолугуна жана психикалык саламаттыгына олуттуу коркунучтар, көрүү жана сүйлөөдөн баштап, тынчсыздануу жана уйкунун бузулушуна чейинки көйгөй жатат.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгерлери педагог-психолог Полина Фурсова менен бирге гаджеттер эмне үчүн катуу көзөмөлдү талап кыларын жана балдардын санариптик көз карандылыктын алдын алуу жолдорун талкуулашты.
Дарыгерлердин пикири
Медициналык адистердин айтымында, балдардын гаджеттерди көпкө колдонуусу көрүүнүн начарлашына, сүйлөөнүн кечеңдешине, тынчсыздануунун күчөшүнө, уйкунун бузулушуна жана концентрациясынын бузулушуна алып келет. Дене түзүлүшү жана жалпы физикалык абалы да жабыркайт, баш оору жана социалдашуу, эмоционалдык интеллекттин өнүгүшүндө кыйынчылыктар пайда болот.
Дарыгерлер гаджеттер чектөө менен колдонулганда гана, негизинен улуу курактагы балдар үчүн пайдалуу боло аларын белгилешет.

Гаджеттерди колдонуу үчүн сунушталган убакыт:
- 2 жашка чейин — толугу менен тыюу салынат;
- 2 жаштан 5 жашка чейин — күнүнө 1 сааттан ашпашы керек;
- 6 жаштан 18 жашка чейин — күнүнө 2 саатка чейин.
Ошол эле учурда адистер баланын физикалык жана акыл-эсинин өнүгүүсүнө түз таасир эткен активдүү физикалык оюндарга, таза абада сейилдөөгө, ата-эне менен биргелешкен иштерге жана спортко көбүрөөк көңүл бурууну сунушташат.
Психологдун пикири
Педагог-психолог Полина Фурсова буга чейин «Кабар» агенттигине берген маегинде айрым билим берүүчү колдонмолор чын эле баланын эс тутумун, көңүл буруусун жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам бере аларын белгилеген. Бирок алардын пайдасы жаш куракка коюлган чектөөлөр жана колдонуу убактысы так сакталганда гана мүмкүн экенин айткан.

«Кичинекей балдардын гаджеттерди колдонуусу сөзсүз чоңдордун көзөмөлүндө болушу абдан маанилүү. Экран баланын билим алуусунун же көңүл ачуусунун негизги каражатына айланбашы керек. 3 жашка чейин баланын мээси жандуу баарлашуу жана реалдуу тажрыйба аркылуу активдүү өнүгөт, ошондуктан бул куракта экран алдында өткөрүлгөн убакытты мүмкүн болушунча чектөө зарыл», — деп белгилеген.
Психологдун айтымында, бала мурунку тааныш иш-аракеттерине кызыгуусун жоготушу, гаджетке кирүүнү чектөөгө аракет кылганда кыжырдануусу же тынчсыздануусу пайда болушу, уйкусунун начарлашы же окуусунда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

"Мындай учурларда гаджетти жөн эле алып коюу эмес, альтернативаларды сунуштоо маанилүү. Сейилдөө, спорт, стол оюндары же биргелешкен чыгармачылык. Үй-бүлөдөгү бардык мүчөлөр, анын ичинде чоңдор да сактаган эрежелер, мисалы, тамактануу учурунда гаджеттерди колдонбоо абдан натыйжалуу", — деп кошумчалады Фурсова.
Эксперттер санариптик түзүлүштөрдү коопсуз колдонуунун ачкычы — бул ченемдүүлүк, ата-эненин үлгүсү жана үй-бүлөдө жандуу баарлашуу менен активдүү эс алууга артыкчылык берүү деген пикирге кошулушат.