Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде "Графика" көргөзмөсү өтөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө 22-октябрдан 6-ноябрга чейин уланмакчы.
Экспозицияда белгилүү чеберлердин жана жаш муундун өкүлдөрүнүн эмгектери тартууланат. Көргөзмөгө сүрөтчүлөр, дизайнерлер, архитекторлор, фотосүрөтчүлөр, скульпторлор жана керамисттер катышат.
Көрүүчүлөргө графикалык искусствонун салттуу жана заманбап багыттарындагы эмгектер, анын ичинде санариптик искусство, Street Art жана фотосүрөт искусствосунун үлгүлөрү сунушталат. Ошондой эле жаңы көркөм ыкмаларды жана авторлордун чыгармачыл изденүүлөрүн чагылдырган эксперименталдык композициялар коюлат.
Көргөзмө заманбап искусствонун көп кырдуулугун көрсөтүп, көрүүчүлөрдү графиканын жаңы формалары жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырат.
Өтүү мөөнөтү: 2026-жылдын 22-октябрынан .
Дареги: Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи, Абдрахманов көчөсү, 196.