Бишкек, 20.10.26 /Кабар/. 18-октябрда "Бишкек Арена" стадионунда өткөн дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти 40 миңден ашуун көрүүчүнү чогултту. Иш-чара Кыргызстан ири эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Президенттин Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, 36 өлкөнүн жарандары концертке билеттерди сатып алышкан. Алардын арасында чет элдик туристтерди, өлкөгө келген конокторду жана чет өлкөлүк студенттерди кошкондо, эл аралык аудиториянын саны 10 миңден ашкан.
Концерт социалдык тармактарда да кеңири талкууланды. Шакира Бишкектен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап, Кыргызстанга жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын билдирүүсү өлкөгө эл аралык аудиториянын көңүлүн дагы көбүрөөк бурду.
Көрүүчүлөр иш-чаранын уюштурулушуна да жогору баа беришти. Алар үчүн акысыз автобустар уюштурулуп, стадионго ыңгайлуу жетүү жана тамактануу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Шакиранын концерти "Бишкек Аренада" өткөн 4-ири иш-чара болду.
Белгиленгендей, мындай иш-чаралар туризмди өнүктүрүүгө, бизнести колдоого жана Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
"Кыргызстан дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү экенин далилдеди. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен биздин команда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин уюштуруп, ал эл аралык деңгээлде кеңири чагылдырылган. Эми Шакиранын концерти өтүп, ырчы өзү да Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.
Бул жөн гана концерттер жана шоулар эмес. Бул жаңы туристтер, бизнестин өнүгүшү, эл аралык таанылуу жана өлкөбүз үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр. Биздин милдет жетишкендиктер менен токтоп калбоо. Шакира — башталышы гана. Алдыда дүйнөлүк жаңы жылдыздар жана ири долбоорлор күтүп турат", — деп белгилешти Иш башкармалыктан.
Ошондой эле Шакиранын концертин жеке уюштуруучулар, инвесторлор жана өнөктөштөр менен кызматташуунун аркасында өткөрүү мүмкүн болгону белгиленди. Ырчынын гонорарына мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес.
Мындан тышкары, Иш башкармалык өз карамагындагы туристтик инфраструктураны, анын ичинде "Ала-Арча" жана "Каракол" жаратылыш парктарын, санаторий-курорттук жана башка объектилерди модернизациялоону улантууда. Бул иштер өлкө тургундарына жана чет элдик туристтерге ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүүгө, тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана Кыргызстандын туристтик дараметин ачууга багытталган.
Шакиранын концерти Борбор Азиядагы эл аралык иш-чараларды өткөрүүчү борбор катары Кыргызстандын позициясын бекемдөөгө багытталган жаңы ири долбоорлордун башталышы гана экени белгиленди.