Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 19-октябрда 90-концерттик сезонун "Майрам шаңы" аттуу концерт менен ачты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерттик программаны Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри даярдады. Иш-чарада Кыргызстандын эл артисттери жана ырчылар өнөрлөрүн тартуулап, улуттук музыкалык чыгармалар жаңырды.
Концерт кыргыз элинин музыкалык мурасын даңазалоого жана улуттук өнөрдү кийинки муундарга жеткирүүгө арналды.