Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдык мааракесине карата бир катар маданий иш-чараларды уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Анда белгиленгендей, 26–30-октябрь күндөрү Кыргыз эл баатыры, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалы өтөт. Ага тандоодон өткөн 10 театр катышып, ар бири өзүнүн бирден спектаклин тартуулайт. Мындан тышкары, 29-октябрда Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында Россиянын ГИТИС – Театралдык искусство институтунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин спектакли көрсөтүлөт.
Ошондой эле мааракенин алкагында Бишкек шаарындагы сейил бактарда концерттик программалар менен коштолгон театралдык жүрүштөр уюштурулат. Ал эми куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде балдар үчүн жомок-спектаклдерин тартуулашат.
Мындан тышкары, актерлордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү максатында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында мастер-класстар өткөрүлөт. Ал эми 2-ноябрда 100 жылдыкка арналган илимий конференция жана Т. Усубалиев атындагы аянтта маараке салтанаттуу белгиленет.