Футзал ассоциациясына жаңы убактылуу аткаруучу директор дайындалды

Спорт 13 август 2025 11:17
Футзал ассоциациясына жаңы убактылуу аткаруучу директор дайындалды
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек,13.08.25./Кабар/. Мырзайым Кулжабаева Кыргызстандын футзал ассоциациясынын убактылуу аткаруучу директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул кызматта 2025-жылдын март айынан бери Киемиддин Пириев аркалап келген.

Эске салсак, Мырзайым Кулжабаева 2021-жылдын сентябрь айынан бери ассоциациянын медиа-офицери болгон.