Футбол: Кыздар курама командасы Өзбекстанды 2:1 эсебинде жеңди

Спорт Загрузка... 16 Октябрь 2025 15:10
5440711098962672507.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылы өтүүчү Азия кубогунун (U-17) тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын беттеши өттү.

Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, беттеште Кыргызстандын кыз-келиндер командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Голду 35-мүнөттө Сумая Махаматсалиева, 49-мүнөттө Акмарал Саякбаева киргизген.

Тандоо баскычына жалпысынан 27 курама команда сегиз тайпага бөлүнүп катышууда.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун (U-17) финалдык баскычына ар бир тайпадан эң мыкты командалар гана чыгат.

Испаниялык машыктыруучу Антонио Меса жетектеген Кыргызстандын 17 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы Индия жана Өзбекстандын командалары менен G тайпасында ойноп жатат.