Футбол. Кыргызстандын курамасы менен БАЭ тең чыкты

Спорт Загрузка... 10 Июнь 2025 22:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы дүйнө чемпиондугунун III тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) курама командалары беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Биринчи таймда БАЭ командасы эсепти ачып, 1:0 менен алдыга чыкты.

Бирок экинчи таймда Кыргызстандын оюнчусу Кай Мерк гол киргизип, эсепти теңеди.

Оюнду Кувейттен келген калыстар тобу тейледи.

Беттеш Кыргызстандын дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу үчүн маанилүү болгон.