Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Кыргызстан футбол боюнча U-23 Азия кубогунун тандоо оюндарын кабыл алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, турнирдин “Е” тайпасында Кыргызстан, Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка командалары күч сынашат.
Оюндар 1-9-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда өткөрүлөт.
Оюндардын жүгүртмөсү:
- 3-сентябрь, 16:00 — Өзбекстан – Шри-Ланка;
- 20:00 — Палестина – Кыргызстан.
- 6-сентябрь, 16:00 — Шри-Ланка – Палестина;
20:00 — Кыргызстан – Өзбекстан. - 9-сентябрь, 16:00 — Өзбекстан – Палестина;
20:00 — Кыргызстан – Шри-Ланка.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы 2025-жылдын 15-августунан бери Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Команданын башкы машыктыруучусу, бразилиялык адис Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында өтүп жаткан машыгуулардын жүрүшү тууралуу маалыматтар Кыргыз Футбол Биримдигинин соцтармактардагы бардык баракчаларында жеткиликтүү.
Тандап алуу оюндарга жалпы 44 курама катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Ал эми 2026-жылкы U-23 Азия кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтүп, ага 16 курама жолдомо алат.