Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чечүүчү беттештери чоң экрандан түз алып көрсөтүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар тургундары жана коноктору үчүн 2026-жылдагы FIFA дүйнө чемпионатынын жарым финалдык беттештери 15- жана 16-июль күндөрү, ал эми дүйнө кубогунун ээсин аныктай турган башкы финалдык беттеш 19-июль күнү түз эфирде тартууланат.
Оюн Ош шаарынын борбордук аянтындагы ири LED экран аркылуу көрсөтүлүп, бардык футбол күйөрмандары үчүн чыныгы спорттук майрамдык маанай тартууланмакчы.
Мэрия бардык каалоочуларды футбол кечесине бирге күбө болууга чакырат.