Футбол. "Дордой" он биринчи ирет өлкө кубогунун ээси болду

Спорт 19 Сентябрь 2025 13:03
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.10.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.09.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 23.08.01.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Күн мурун Кара-Суу шаарынын "Манас" стадионунун ачылыш аземин улай футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалы өттү.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, анда "Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад шаары) жана "Дордой" (Бишкек шаары) командалары кез келди.

Аземге президент Садыр Жапаров жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты. Өлкө башчысы аймыктын тургундарын жаңы стадиондун ачылышы менен куттуктады.

Беттеш кошумча таймдарга өтүп (0-0) "Дордой" клубунун 2-1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Беттештин мыкты оюнчусу Владислав Кобылянский болду.

Оюндан кийин командаларды сыйлоо аземи орун алып, беттештин расмий өкүлдөрүнө жана командаларга медалдарды жана кубокту өлкө президенти Садыр Жапаров өз колу менен тапшырды.

Ошенип, борбор каланын "Дордой" он биринчи ирет өлкө Кубогунун ээси болду.