Футбол: Азия кубогу-2031 Борбор Азияда өтүшү мүмкүн

Спорт Загрузка... 09 Февраль 2026 11:01
m_07_0 (1).jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 09.02.26. /Кабар/. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан футбол боюнча 2031-жылкы Азия кубогун өткөрүүгө бирдиктүү талапкер катары арыз беришти. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы (АФК) билдирди.

Маалыматка ылайык, Борбор Азия өлкөлөрү континенталдык турнирди биргелешип өткөрүү ниетин билдиришкен. 2031-жылкы Азия кубогун өткөрүүгө Австралия, Индия, Индонезия, Корея жана Кувейт да өз-өзүнчө арыз беришкен.

Ошондой эле АФК Бириккен Араб Эмираттарынын Футбол ассоциациясы 2031-жылкы Азия кубогун өткөрүүгө талапкерликтен баш тартканын тактады. Ал эми Австралия, Япония, Корея жана Кувейт 2035-жылкы Азия кубогун уюштурууга расмий түрдө кызыкдар экенин билдиришкен.

Конфедерация жакынкы мезгилде турнирди өткөрүүгө талапкер болгон улуттук футбол ассоциациялары менен өз ара иш алып барарын, арыз ээлери бардык конкурстук документтерди белгиленген мөөнөттөргө жана АФКнын талаптарына ылайык тапшырарын маалымдады.

Мындан тышкары, АФК президенти шейх Салман бин Ибрахим Аль Халифанын демилгеси менен 2031 жана 2035-жылдардагы Азия кубогунун кожоюн өлкөлөрү бир убакта аныкталары белгиленди. АФКнын пикиринде, мындай ыкма талапкерлер ортосундагы атаандаштыкты күчөтүп, улуттук ассоциацияларды узак мөөнөттүү даярдыкка багыттайт.