Азия оюндары: Мушкер Ырыскелди Дүйшеев коло медаль тагынды

Спорт 21 сентябрь 2026 17:10
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Ырыскелди Дүйшеев коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал беттешти чейрек финалдан баштап, палестиналык Сами Аккавени 3:0 эсебинде жеңген.

Бүгүн, 21-сентябрда жарым финалдык беттеште Тажикстандын өкүлү Бехруз Хуршедшоданы жеңип, бирок беттеш аяктагандан кийин Тажикстан тарап апелляция берген.

Кайра түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык, жеңиш тажикстандык спортчуга ыйгарылып, Кыргызстандын өкүлү үчүнчү орунду ээледи.