Депутат: Кыргыз дзюдочулары Олимпиадада алтын алат деген үмүт бар

Спорт 21 сентябрь 2026 15:40
Депутат: Кыргыз дзюдочулары Олимпиадада алтын алат деген үмүт бар
copyright icon Кабар

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров Тимур Ибрагимовду Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

Масабировдун айтымында, Ибрагимов буга чейин Бокс жана күрөш федерацияларынын өнүгүшүнө салым кошуп, анда спортчулар дүйнө жана Азия чемпионаттарында медалдарга, ошондой эле Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медалдарга ээ болушкан.

Депутат машыктыруучулар курамынын биримдиги маанилүү экенин белгилеп, кыргызстандык дзюдочуларга алдыдагы эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

"Алдыда Токиодогу Азия оюндары, андан кийин дүйнө чемпионаты турат. Биздин дзюдочулар байгелүү орундарга ээ болот деп ишенем. Дзюдо боюнча алгачкы Олимпиада алтынын жеңип алабыз", — деди Масабиров.

Эске салсак, 21-сентябрда "Бакай Банк" башкармалыгынын төрагасы Тимур Ибрагимов Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын жаңы президенти болуп шайланган.

Федерациянын буга чейинки президенти Эдил Нурбеков 2026-жылдын 18-сентябрында кызматтан кеткен. Ал федерацияны 5-июндан тартып төрт айга жакын жетектеген.