Фучик көчөсүнүн кесилиштери эки күнгө жабылат

Коом 7 ноябрь 2025 16:20
Фучик көчөсүнүн кесилиштери эки күнгө жабылат

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Бишкектеги Фучик көчөсүнүн кесилиштери эки күнгө жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, 8–9-ноябрда Фучик көчөсү, Жибек Жолу проспектиси жана Профсоюз көчөсүнүн кесилиштери убактылуу жабылат.

"Урматтуу шаар тургундары, бул убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз",-деп айтылат маалыматта.