Бишкек 22.07.25 /Кабар/. Бишкектин Фрунзе көчөсүнүн Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу 24-июлдан 30-августка чейин Фрунзе көчөсү менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишкен жеринин батыш тарабы жабылат. Бул учурда түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, эки тараптуу кыймыл Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабынан Огонбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин уюштурулат.
Бишкек мериясы жарандардан бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамды алдын ала пландап алууну суранат.