Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Себеби

Коом Загрузка... 28 Июль 2025 16:24
1753697613_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. 30-июлдан 6-августка чейин Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги жол убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Иштер Фрунзе көчөсүнүн Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки аралыгында (узундугу 1600 метр) пландалган жана анын алкагында түтүктөрдүн диаметри 700 ммден 900 ммге алмаштырылат.

Бул жылуулук түтүк тармагы 1971-жылдан бери (54 жыл) колдонулуп келет жана эксплуатациялык мөөнөтү толук бүтүп, чукул алмаштырууну талап кылууда.

Бишкек мэриясы шаар тургундары менен конокторунан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана каттамдарды алдын ала пландап алууну сунуштайт.