Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы М.В. Фрунзе атындагы Мемориалдык үй-музейинде Кыргызстандагы алгачкы музей — Фрунзе музейинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, музей ишмерлери жана шаар тургундары катышты.
"Фрунзе музейинен — Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейине карай" аттуу көргөзмө өлкөнүн маданий турмушундагы маанилүү окуя болуп саналат. Анын негизги концепциясы — Фрунзе музейинин тарыхый өнүгүү жолун жаңыча түшүнүү жана кайра баалоо болуп саналат.
Көргөзмө жети негизги теманы камтыйт жана анда музейдин 1927-жылдагы алгачкы чакан экспозициясынан тартып, 1950-жылдардагы илимий борборго, 1967-жылы курулган монументалдуу имаратка чейинки өнүгүү тарыхы көрсөтүлөт.
Иш-чаранын негизги бөлүгү — музейди Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейине трансформациялоо концепциясы болуп саналат.
Учурдагы экспозиция 1967-жылдан бери өзгөртүлбөгөндүктөн, жаңы концепция Фрунзенин инсандыгын өлкө мамлекеттүүлүгүнүн татаал жана көп кырдуу тарыхынын алкагында чагылдырууну сунуштайт.
Юбилейдик көргөзмө М.В. Фрунзенин элесин сактап гана тим болбостон, улуттук тарыхый аң-сезимди жана жарандык иденттүүлүктү чыңдоого багытталган маданий мейкиндикке айланмакчы.
Кирүү акысыз.
Байланыш:
- +996 550 220 259 — Данияр Баратов;
- +996 775 585 719 — Татьяна Темирова.