Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы М.В. Фрунзе атындагы Мемориалдык үй-музейинде Кыргызстандын алгачкы музейинин 100 жылдыгына арналган юбилейлик почта маркаларынын сериясын таанытуу иш-чарасы өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, юбилейлик серия М.В. Фрунзе атындагы Мемориалдык үй-музейинин буюртмасы боюнча "Кыргыз почтасы" ААКсы тарабынан даярдалып, 2026-жылы жүгүртүүгө чыгарылды.
Юбилейлик серия тогуз почта маркасынан турат. Маркалардын көркөм жасалгасында М.Фрунзенин өмүрүнүн ар кайсы мезгилиндеги портреттери, музейдин тарыхый имараты, ошол доордун символдору жана М.Фрунзенин инсандыгы менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн байланышын чагылдырган образдар камтылган.
Белгилей кетсек, мындан 100 жыл мурун, 1925-жылдын 9-декабрында Кыргыз автономиялуу облусунун Советтеринин Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун №77 протоколдук токтому менен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана аскер башчы М.Фрунзенин элесин түбөлүккө калтыруу максатында мемориалдык музей түзүлгөн.