Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери аяктоодо

Коом 11 сентябрь 2025 12:25
1757498648.jpeg
1757498658.jpeg
1757498667.jpeg
1757498698.jpeg
Алдыга
Артка
1757498648.jpeg
1757498658.jpeg
1757498667.jpeg
1757498698.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Бишкектеги Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул аймакта диаметри 700 мм болгон эски түтүктөр диаметри 900 мм болгон жаңы түтүктөргө алмаштырылды.
Бүгүнкү күндө түтүктөрдү алмаштыруу иштери аяктады. Жылуулук камераларына түтүктөрдү кошуу, кайра толтуруу жана жолдун үстүн асфальт төшөө үчүн жолдун бөлүгүн даярдоо иштери жүрүп жатат.

Мындай модернизациялоо жылуулук жоготууларын бир топ кыскартат, энергиянын эффективдүүлүгүн  жогорулатууга  жана  авариялык кырдаалдарды  алдын алууга мүмкүндүк берет.