Францияда ысыктан улам Луара дарыясынын деңгээли кескин төмөндөдү

Дүйнө 13 10 Август 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-08-10 at 06.10.45 (1).jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Франциядагы Луара дарыясында суунун деңгээли кескин төмөндөп, критикалык чекке жетти. Буга аптаптуу ысык жана кургакчылык себеп болууда. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

Луароксанс шаарынын мэри Жан-Поль Юэнин айтымында, дарыядагы суунун деңгээли февраль айына салыштырмалуу 8-9 метрге төмөндөгөн. Ал мезгилде аймакта тарыхый деңгээлдеги суу ташкыны катталган.

Мэр жакынкы күндөрү жаан-чачын болбосо, шаарда ичүүчү сууну пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.

Луаранын жана Европадагы Рейн, Дунай сыяктуу башка дарыялардын тайызданышы акыркы айларда жаан-чачындын аздыгы жана абанын адаттан тыш ысык болушу менен байланыштуу.

Луара дарыясы мурда ушундай көрүнүштө болгон.

WhatsApp Image 2026-08-10 at 06.10.45.jpeg