Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Францияда аарылардын кол салуусунан 24 адам жабыркап, үчөө реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу Gazeta.ru басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, 6-июлда Ориллакта жүздөгөн аарылар өтүп бараткандарга капысынан кол салышкан.
“Натыйжада 24 адам жабыркап, алардын үчөөнүн абалы оор. Кол салуу бир нече мүнөткө созулуп, жергиликтүү тургундарды катуу дүрбөлөңгө салды. Учурда жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.
Балчы Валид Лулидинин айтымында, мындай учурлар өтө сейрек кездешет. Аарылар көбүнчө себепсиз кол салбайт, алар өздөрүн коргошот.
“Агрессия белгисиз дүүлүктүргүчтөн же аары тукумундагы өзгөрүүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн”,-деген ал.