Ысык-Көл, 01.08.26. /Кабар/. F1H2O дүйнөлүк чемпионатынын Гран-присинин алкагында бардык коноктор үчүн атайын концерттик программа даярдалган. 1-2-августта мелдештин фан-зонасында музыканттардын катышуусундагы акысыз концерттер өтөт. Бул тууралуу Кыргыз суу-мотор спорту федерациясынан билдиришти.
Бүгүн, 1-августта кечкисин жергиликтүү эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Малика Дина жана башкалар өнөр көрсөтүшөт. Андан кийин Ne Prosto оrchestra, дүйнөлүк эстрада жылдыздары Sabi менен Donu сахнага чыгат.
2-августта саат 18:00дө концерттик программанын алкагында Toshi, Weetwinz бий тобу, Баястан жана Бегиш, Freeman996, Малика Дина, JAXX, Virus Vocal & DJ жана BAKR чыгармаларын аткарат.
Концертти Thomas NeverGreen Live Band жана Dibillions топтору жыйынтыктайт.