Formula 1 H2O мелдешине байланыштуу Ысык-Көлдө жолдор жабылат

Аймак Загрузка... 21 Июль 2026 14:35
22bbd2ca-2b37-401d-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын 30-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл районунун Бает айылында Formula 1 H2O Кыргызстандын Гран-приси – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдеши өткөрүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган эл аралык иш-чаранын коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында бул күндөрү Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда (Ысык-Көлдүн түндүк жээги) айрым убактарда убактылуу жолдор жабылып, транспорт каражаттарынын кыймылына чектөөлөр киргизилет.

"Урматтуу жарандар жана айдоочулар! Эгерде шашылыш зарылчылык болбосо, көрсөтүлгөн күндөрү аталган багыт боюнча алыскы сапарларды алдын ала пландап же кийинки мөөнөткө жылдырууну өтүнөбүз. Ошондой эле бул мезгилде айыл чарба техникаларынын, жүк ташуучу жана башка ири габариттүү автоунаалардын кыймылында убактылуу кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн",-деп айтылат маалыматта.

Алыскы сапарга чыккан айдоочуларга альтернативдүү каттам катары Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу өткөн Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автоунаа жолун пайдалануу сунушталды.