Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) жарандарды лицензиясы жок компаниялар сунуштап жаткан инвестициялык насыя жана инвестициялоо келишимдерине ишенбөөгө чакырды.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, мекеменин маалыматына караганда, акыркы учурда айрым коммерциялык компаниялар Улуттук банктын же Финкөзөмөлдүн уруксаты жок эле жарандарга жылына 20 пайыздан жогору кепилденген киреше убада кылып, акча каражаттарын тартып жатышат.
"Учурда Финкөзөмөл Ички иштер министрлиги жана Улуттук банк менен биргеликте мындай компанияларга карата текшерүү иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Жарандарга акча салуудан мурда компаниянын лицензиясынын бар-жогун Улуттук банктын жана Финкөзөмөлдүн расмий сайттарынан текшерүү, ошондой эле күмөндүү инвестициялык сунуштарга ишенбөө сунушталды.