Финансылык көзөмөл кызматы 7 компанияга лицензия берди

Коом Загрузка... 01 Октябрь 2025 11:50
лицензия.jpg
copyright icon www

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2025-жылдын 22-сентябрынан 26-сентябрына чейинки мөөнөткө бир нече юридикалык жактарга лицензияларды берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Төмөнкү компаниялар лицензия алышкан:

- «Скай Строй» ЖЧКсы — «Батир сатып ал — RAV 4 утуп» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүгө уруксат;

- «МК Грант Ломбард» ЖЧКсы — эки өкүлчүлүк ачууга уруксат;

- «Голд-Беш Ломбард» ЖЧКсы — ломбард ишин жүргүзүүгө лицензия;

- «Инвестициялык компания Карт Бланш» ЖЧКсы — баалуу кагаздар рыногунда брокердик жана дилердик иш жүргүзүүгө лицензиялар;

- «Бвокс» ЖЧКсы — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иштөөгө лицензия;

- «Альянс Капитал Инвестициялык Финансылык Компани» ЖЧКсы — брокердик ишмердүүлүккө жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензиялар;

- «Глобал Мани Клуб» - виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иштөөгө лицензия.