Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Финансы министрлиги жана анын карамагындагы мекемелерде 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилге карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү.
Эсептөө палатасынан билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгында 133 млн 321,8 миң сомдук каржылык дал келбестик аныкталды. Бул көрсөткүч бюджеттик пландоонун, каражаттарды башкаруунун жана каржылык тартиптин жетишсиз деңгээлде камсыздалганын көрсөтөт.
Аныкталган дал келбестиктердин олуттуу бөлүгү бюджеттик процесстин бардык негизги баскычтарын камтып, анын натыйжалуулугуна таасир эткен.
Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыктары боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам бузууларды жоюу, бюджеттик тартипти чыңдоо жана каржылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды берди.
Мындан тышкары, аудит учурунда аныкталган бузууларга жана дал келбестиктерге жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин мыйзамга ылайык тиешелүү тартипте кароо сунушталды.