Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын эң ири акционери болду

Экономика Загрузка... 23 Сентябрь 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын эң ири акционери болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.48.19.jpeg

Ал белгилегендей, эми мамлекетке биржанын 62,17 % акциясы таандык.

“Бул чечим президенттин 2022-жылдын 15-ноябрындагы жарлыгынын негизинде кабыл алынган. Анда фондулук рыноктун жана биржалык ишмердүүлүктүн өнүгүүсүн камсыз кылуу, биржалык инфраструктураны чыңдоо жана улуттук институттарды түзүү милдеттери коюлган. Алар рынокту модернизациялоого гана эмес, мамлекеттик артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга да багытталган”, - дейт Мыктыбек Абиров.

Өз кезегинде "Мамлекеттик каржылык холдинги" ААКтын Корпоративдик башкаруу департаментинин башчысы Таалайбек Эмил уулунун пикиринде, мамлекеттик баалуу кагаздарды Кыргыз фондулук биржасында жайгаштыруу биржанын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө шарт түзөт.

WhatsApp Image 2025-09-23 at 13.06.30.jpeg

“Анткени мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу менен Кыргыз фондулук биржасынын көрсөткүчтөрү көбөйүп, кирешелери өсөт. Кыргыз фондулук биржа канчалык пайда тапса, алар мамлекеттик бюджетке түшөт”, - деди ал.

Ошондой эле маалымат жыйынында айтылгандай, Кыргыз фондулук биржа 2025-жылы каржылык рыноктун борбордук институттарынын бири катары туруктуу каржылоонун принциптерин илгерилетүүгө активдүү катышты. Сентябрда KICB тарабынан чыгарылган туруктуу өнүгүү облигациялары жабык жайгаштырылып, аны Эл аралык каржылык корпорация (IFC) сатып алды.

Жалпы көлөмү 1,35 млрд сомду түзүп, 12,5 % чен менен чыгарылды. Бул кадам Кыргызстан фондулук рыногунда “жашыл” сегментти түзүүгө маанилүү болду.

2030-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына ылайык, Кыргыз фондулук биржасы баалуу кагаздар рыногун инвестиция тартуунун жана экономикалык өсүштүн кубаттуу куралына айландыруу максатын көздөп жатат.

Кыргыз фондулук биржасынын президентинин милдетин аткаруучу Аида Чодулова билдиргендей, жакынкы пландарда валюталык жуптар, туунду инструменттер жана баалуу металлдар менен сооданы баштоо, товардык секторду кеңейтүү, заманбап онлайн-платформалар менен мобилдик тиркемелерди киргизүү турат.

WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.48.20.jpeg

"Биржа инвестициялык базаны пенсиялык фонддордун, камсыздандыруу компанияларынын жана банктардын активдүү катышуусу аркылуу кеңейтүүнү көздөөдө. Мунун баары Кыргызстанда заманбап, ачык-айкын жана туруктуу каржылык рынокту түзүп, өлкө экономикасынын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болушуна өбөлгө түзөт", - деп белгиледи Аида Чодулова.