Кичи жана орто бизнес ээлери жеңилдетилген шартта 88 млн сом каржылоо алышты

Экономика Загрузка... 05 Сентябрь 2025 11:00
2022-09-21_10-21-14_644687.jpg
copyright icon www

Бишкек, 5.09.25 /Кабар/. Жыл башынан бери мамлекет чакан жана орто бизнести 88 миллион 51 миң сом каржылады. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Мамлекет бул иш-чараларды кичи жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, жакырчылыкты азайтуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөн пайыздык кредиттерди берүү аркылуу аймактарды жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү максатында ишке ашырууда.

Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги токтомунда "Кыргыз Республикасынын кичи жана орто бизнесин жеңилдетилген каржылоо" бекитилген. Аны ишке ашырууга Ишкердикти өнүктүрүү фонду тартылган. Долбоордун алкагында 2025-жылга карата кредиттөөнүн жалпы көлөмү 500 миллион сомду түзөт.

2025-жылдын 28-августуна карата 32 субъект каржыланды.