Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү Кыргызстандын мамлекеттик экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берет. Бул тууралуу бүгүн финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов "Микро, чакан жана орто ишканаларды тез арада колдоо" долбоорунун жыйынтыгына арналган форумда билдирди.
Анын айтымында, чакан жана орто бизнес калкты иш менен камсыз кылууда, кирешелерди калыптандырууда жана аймактык экономиканын туруктуулугунда чечүүчү ролду ойнойт.
"Бүгүнкү күндө чакан жана орто ишкердик экономикалык өсүштүн жана социалдык туруктуулуктун негизги драйверлеринин бири болуп саналат", - деп белгиледи ал.
Нурбек Акжолов микро, чакан жана орто ишкердикти тез арада колдоо долбоорунун алкагында өлкөгө Дүйнөлүк банктан жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан 150 млн доллар өлчөмүндө каражат тартылганын баса белгиледи. Каржылоо төрт жыл бою жүргүзүлүп, бул убакыттын ичинде республика боюнча 20 миңге жакын ишкер колдоого ээ болду.
Долбоор пандемиядан кийинки мезгилде миңдеген жумуш орундарын сактап калууга мүмкүндүк берди жана олуттуу социалдык натыйжа берди: каражат алгандардын 10 миңге жакынын аял ишкерлер түздү. Долбоордун бардык максаттуу көрсөткүчтөрү ишке ашырылып гана тим болбостон, пландан ашыгы менен аткарылды, бул анын жогорку натыйжалуулугунан кабар берет.
Министрдин орун басары белгилегендей, долбоор эл аралык каржы институттары тарабынан жогорку баага татыды жана өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин жигердүү өнүгүшүнүн аркасында белгиленген мөөнөттөн эрте аяктады.