Финансы министрлиги банктарга 20 млрд сом жайгаштыруу боюнча аукцион жарыялады

Экономика Загрузка... 15 Январь 2026 16:46
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Финансы министрлиги 2026-жылдын 19-январында бюджеттик тутумдун бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктардын депозиттерине (аманатка) жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөрүн билдирди.

Аукцион Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында өтөт. Акча каражаттарын жылдык 11 пайыздык чен менен 12 айлык мөөнөткө жайгаштыруу пландалууда.

Аукциондун алкагында жалпы суммасы 20 млрд сомдук 21 лотту жайгаштыруу каралган.

Анын ичинде көлөмү 100 млн сомдон 900 млн сомго чейинки лоттор, ошондой эле 1 млрд, 1,2 млрд, 1,4 млрд, 1,6 млрд, 1,8 млрд, 2 млрд, 2,5 млрд жана 2,8 млрд сомдук ири пакеттер бар.

Бардык лоттор боюнча жайгаштыруу мөөнөтү бирдей — 12 ай, ал эми баштапкы кирешелүүлүк жылдык 11 пайыз деңгээлинде белгиленген.